Бул тууралуу Клинтондун штабы твиттерге жазып чыккан.
Thanks, Obama. https://t.co/DzKgMFgdmP
— Hillary Clinton (@HillaryClinton) June 10, 2016
Андан бир аз мурда Washington Post Обама жакынкы убакта Клинтонду колдогон видео кайрылуусун жарыялайт деп жазып чыккан. Кийинки жумада Обама үгүт компаниясында Висконсин штатында мурдагы мамлекеттик катчы менен жолугат.
Хиллари Клинтон АКШнын президенттигине демократтар партиясынан бир канча добуш алууга жетишти. Бирок бул партиядан талапкер тандала элек. Клинтонго атаандаш болуп сенатор Вермонт Берни Сандерс чыга турганы белгилүү болгон. Азырынча ал шайлоого катышпай турганын жарыялай элек.
Демократтарда тандоо 14-июнда аяктайт. Июль айында Филаделфияда демократтар партиясынан улуттук съезди чогулуп, АКШнын президенттигине талапкерин тандайт.
Ал эми демокарттар партиясына атаандаш республика партиясынан талапкер Дональд Трамп партиялаштарынан 26-майда жетиштүү добуш ала алган.
АКШ президенттигине шайлоо ушул жылдын 8-ноябрында өткөрүлөт.
Булак: slon.ru