Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы түштүктөгү окуя боюнча кайрылуу жасады.
Анын айтымында, өлкө түштүгүндө соӊку жарым кылымда бул үчүнчү ири этнос аралык жаӊжал болду.
“60-жылдардагы адам курмандыгына алып келген кагылыш бийликтерге да, коомго да сабак болгон эмес. Ошондуктан, 30 жылдан кийин – 1990-жылы Ошто кандуу кагылыш кайра кайталанды. 20 жылдан кийин – 2010-жылы июнда этнос аралык араздашуулар очогу кайра жалындады. Анткени, өчүрүлбөй калган чокту тутандыруу оӊой экенин эске алышкан эмес. Анын үстүнө, акча менен бийлик дегенде баарына даяр сепаратисттер менен улутчулдар араң эле турушкан. Андайлар эл көзүнө баатыр болуп көрүнгүсү келишет, чынында алар өз элинин душмандарынын тилине кирип, боордошторун өлүмгө түртүшкөн. Апрель революциясынан кийин эркин, көз карандысыз жана күчтүү Кыргызстанга жамандык санаган карасанатай күчтөр мына ушундан пайдаланышты”, — дейт президент.
Ал мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясаты боюнча бирдиктүү программа кабыл алынып, жүзөгө ашырылып жатканын белгиледи.
“Этностор аралык чөйрө өтө аялуу экенин эсибизден чыгарбайлы. Бүт дүйнөдө ушундай. Бузуку күчтөрдүн кандуу жаңжалдарды ушул чөйрөдөн баштаганы бекеринен эмес. Өлкөбүздө тынчтык менен ынтымакты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кылбайт. Кыргызстандын ар бир жараны өз үйүндө, көчөсүндө, айылында жана шаарында тынчтык үчүн жоопкер экенин сезүүгө тийиш”, — деди ал.
2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө улуттар арасында жаңжал чыккан. Расмий маалымат боюнча, Ош жана Жалал-Абадда 418 каза тапкан. Ал эми башка эсептөөлөр боюнча, коогалаңдын курмандыктары бир нече миңдеп эсептелет.