Жыл башынан бери КРУБ доллар курсунун кескин түшүүсүн алдын алуу үчүн 16 интвервенция жүргүзүп, 112 миллион доллар сатып алды.

Кышында УБ доллардын кескин өсүүсүнө жол бербөө үчүн коммерциялык банктарга доллар сатып турган. Январь ичинде Улуттук банк 64 млн 350 миң доллар рынокко чыгарган. Январда доллардын орточо курсу 75 сомду түзүп турду.

Марттан тартып доллардын куну түшүп баштаганда Улуттук банк валютага суроо-талап жаратыш үчүн кайра сатып алып баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин банк 112 млн доллардан ашуун сатып алды.

10-июнга карата доллардын расмий курсу 68,01 сомду түздү.