Кыргызстандагы Issyk-Kul online бирдиктүү база системасы ишке кирди.
Курорттор ассоциациясынын президенти Медер Тилекматов айтымында, быйылкы жылы туристтик агым жылдагыдан көп болот.
“Биздин сайт аркылуу алдын-ала катталып, эс алса болот” , — дейт ал
Сайттын башчысы Руслан Егоров айтымында, анда бир нече тилде маалыматтар камтылган. Азыркы күндө портал 70ден ашуун пансионат жана мейманкана менен келишим түзгөн.
Ошондой эле мындай долбоор туристтерди тартууга жардам бере турганын кошумчалады.
«Учурда 20 адам иштейт. Бирок кызматкерлердин санын көбөйтүүнү пландап жатабыз. Кийинчирээк сайтта “онлайн-төлөм” ишке киришет. Мында эс алуучу толук суммадан 15% алдын-ала төлөй алат», — дейт Егоров.