Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткан күнү. Ал 2008-жылы Нюнберг шаарында көз жумган.

Ошол мезгилдеги чыгаан адамдын дүйнөдөн каза болушу кыргыз эли үчүн тоонун урашына барабар болгон. Айтматов тирүү болгондо быйыл 88 жашка толмок.

Анын айткан учкул ойлору кыргыз журтчулугунда айтылып келет. Жазуучуну эскерүү максатында анын данышман ойлорун сунуштайбыз.

  • Дос жамандыкта билинет дейт, менимче жакшылыкта да билинет
  • Бир нерсе жасап бүтүп, эми бейкапар жашайм деп ойлойсуң, бирок жашоо дагы бир нерсесин камдап турган болот
  • Ашказан мээге караганда акылдуулук кылат. Анткени, ашказан кабыл алгысы келбесе, жүрөктү айлантат. Ал эми мээ болсо баарын сиңире берет
  • Жашоого болгон кызыгуунун жоголушу дүйнөлүк цивилизациянын жоголушуна барабар. Бул акыр замандын келгенине барабар. Башкача айтканда ошол акыр замандын келиши өзүбүзгө байланыштуу.
  • Кудай эскертип гана турат, ал эми чечим чыгаруу өзүбүздөн…
  • Жакшы аял жаман эркекти — орто кылат, орточосун – жакшы кылат, ал эми жакшысын дүйнөгө таанытат. (Гулсарат)
  • Адамдын Ата мекенди кошо ала кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок, аны менен кошо кусалык гана кетет. Эгерде мекенди алып кетүүгө мүмкүн болсо анын кымындай да баркы болмок эмес.
  • Адамдар жашоосундагы канчалаган жаман нерселердин жалкоолуктан келип чыгарын түшүнө беришпейт.
  • Жашоо өзү ушундай куралган: эгерде бакыт бар болсо, анын жанында жамандык жашынып турган болот. Ал сени андып турат, өлбөйт жана кайтпайт.