Жакында жаңы ID карталар чыгып баштайт. Анда жарандын улуту жазылбай турган болуптур. Каттоо кызматынын бул сунушун толугу менен колдойм. Анткени бул кадам Кыргызстанда бир жарандык иденттүүлүктү түзгөнгө түрткү болот. Позициямды түшүндүрүп көрөйүн.

Биринчиден, паспортто улуттун жазылышы бир дагы функция аткарбайт. Номур, дата, пин коддун өзүнүн мааниси бар. Ал эми «улуту» деген саптын элди бөлүп-жаруудан башка кандай максаты бар? Жумушка орношууда, коңшу өлкөлөргө чыгууда, паспорт менен насыя алууда улут боюнча эч кандай талап жок. Бул графаны мен бир гана дискриминациялык көрүнүш деп түшүнөм.

Экинчиден, улуттун жазылышы жалпы жарандык иденттүүлүк түзүүгө тоскоолдук жаратат. Азыр кыргыз дегенде биз кыргыз улутундагыларды түшүнөбүз. Паспортто ошентип турат да. Менин жеке пикиримде, “кыргыз” Кыргызстанда жашаган бардык атуулдарга тиешелүү болушу керек. “Кыргыз” деген сөз улутту гана эмес, Кыргыз Республикасынын жараны дегенди түшүндүргүдөй. Эгер ушунчалык эле адамдын улутун белгилеш керек болсо, орус тектүү кыргыз, дунган тектүү кыргыз деп атай берсе болот.

132

Муну менен эмне чечилет?

Кыргыздар сыртка чыкканда улутуң ким экени баары бир. I’m not Kyrgyz. I’m Kyrgyzstan citizen. But I’m not Kyrgyz деп айта албайсың. Анткени I’m Kyrgyz дегенде алар улутту эмес, Кыргызстандын жараны экениңди түшүнөт.

Мамлекет бул ойду колго алып, атайын программа менен ишке ашыра турган болсо, элдин биримдигин бекемдөөгө чоң салым кылат эле. Түшүнүп турам, бөлөк улуттагылар өздөрү каршы чыгышы мүмкүн. Силер биротоло өзбек, тажик, уйгур жана башка улуттарды жоюп салгыңар бар деп кооптонушу ыктымал. Жок. Алар өз тилинде сүйлөй берсин, салттарын кармана берсин. Тегин унутпасын. Ошону менен катар элден обочолонбосун деген ойду жеткиргим келип турат. Ар бир атуулду кыргыз деп атоо  менен улуттук дискриминацияга биротоло бөгөт койулат эле. Кыргыз кыргызга “эй кыргыз” деп асыла алмак беле? Буга жетиш үчүн 2-3 муун алмашыш керек. Бирок азыртан башташ керек.

Бийлик жалпы этнохороним катары “кыргызстандык” деген аталышты түртүп келет. Буга мен карамандай каршымын. Ушул аталыш биздин 23 кылымдан бери сакталып келе жаткан улутубуздун аталышын жоюп салууга алып барат. Анан, элге оңойу менен сиңбейт дагы.

Баарын кыргыз деп атоого кыргыздар өздөрү каршы чыгышы мүмкүн. Көзү көк украинди же кара тору лөлүнү кантип кыргыздын катарына кошмок эле деп. Эми элүү жылда эл жаңы. Кечээ жакында эле кыпчактар, калмактар, наймандар, кытайлар, моңолдор өзүнчө эл болчу. Азыр алар кыргыздын уруулары болуп саналат. Дүйнө ааламдашып жатат. Улут, уруу болуп бөлүнүүдөн бир пайда жок. Биригүү менен элдин бекемдигин гана күчөтө алабыз.