Өрттүн себеби тиричилик газ, керосин, бензин жана башка буюмдарын пайдаланууда өрт коопсуздугу эреженин бузулушу болгон.

ӨКМ билдиргендей, кырсык бүгүн саат 08:51де Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Ленин айылында Таджикистан менен чектешкен жолдун боюнда болду. Май ташуучу унаа жана тажик жаранына тиешелүү “КамАЗ” үлгүсүндөгү бензин ташуучу автоунаалар күйүп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Өрттү 10:55де толук өчүрүшкөн.

Өрт болгон жерде 30 тонна бензин толугу менен жана ага жакын жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган Х. Калыкуловго таандык аянты 24 чарчы метр эки кабаттуу курулуш чарбанын чатыры кошо күйгөн. Автоунаанын айдоочусу 1962-жылы туулган Бакиров Таирбек Саидович 15% колунан жана бутунан күйүк алып, райондук ооруканага жеткирилген.