Малдын ички-тышкы башкача айтканда сатуудагы жана алмашуудагы кыймылын көзөмөлдөгөн каттоо кызматы жок.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, мындан ары бул кызмат жеке ветеринарларга жүктөлдү.

Аларга каттап-чыгарып туруу үчүн смартфондор берилет.

«Бир айда 300 миң мал колдон колго өтөт, бир жерден экинчи жерге жиберилет. Кыймыл-аракетти көзөмөлгө алуу чоң кыйынчылыкты жаратат. Бул өз кезегинде малды идентификациялоо менен да ишке ашышы керек. Анткени мал каттоо аркылуу кайсы мал кайдан келип, кайда сатылып жатканы белгилүү болуп турат», — дейт.