Мурунку учурларда вакцинациялоо мезгилинен кеч калып, аны каржылоо 30%ды гана түзүп келген.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, мындан ары күзгү дары-дармектер жазда, жазгылары күзүндө алынат.
«Дарылар жеке ветеринарларга бекер берилет. Сапатына да жакшы көңүл бурулуп баштады. Эгерде сапаты начар болуп, фермердин малы айыкпай эле ооруп кала турган болсо, мал доктур экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр келип чыгат. Ветеринария ишшеничтен чыгат. Ошондуктан да вакциналарга көңүл бөлүп жатабыз», — дейт Жумаканов.
Кыргызстанда акыркы кездерде көп катталган ооруларга, шарп, чечек (оспа), чума, сибирь ылаңы, кутурма, эхиноккоз жана башка оорулардын түрү кирет.