«Ислам мамлекети» террордук тобунун лидери Багдади өлгөндү тууралуу ИШИМдин интернет сайтына расмий билдирүү жарыяланган.
Маалыматка ылайык, лидер Аль-Багдади коалиция күчтөрүнүн абадан жасаган чабуулунан улам каза тапкан.
Бирок бул кыскача маалыматтан башка толуктоо беришкен эмес. Коалиция күчтөрү тарбынан да муну тастыктаган маалымат азырынча бериле элек. Бирок ИШИМдин жазгандарын тастыктаган башка кабарлар жарыяланды.
haber7.com агенттигини жазгандай Амаг аттуу интернет кабарында халиф деп аталган Багдади көз жумду деп билдирген. Азхаб Сүресу террор уюму Абу Бакир аль-Багдади Рамазан айынын 5-күнү коалиция күчтөрүнүн Раккадагы чабуулдарынан улам көз жумган деп жазган.
Аль-Багдади ким?
Дүйнөгө Аль-Багдадинин ысымы Иракта болгон кыргында жана Мосулду Ирак өкмөтүнөн тартып алгандан кийин белгилүү болгон. Колдоочулар тарабынан Ибрагим халифи деп таанылган Абу Бакир аль-Багдади 2014-жылы 5-июлда жүзүн көргөзгөн. Бул мезгилде Багдади Ирактын Мосул шаарында жума намаздан кийин диний үгүттө берген.
Басып алган жерлерин Ирак жана Шамдын ислам мамлекети кийинчерек «Ислам мамлекети» деп расмий түрдө жарыялашкан. Багдади топтун лидери болгонун төрт жыл жашырып жүргөн. Ал алгачкы жолу 2011-жылы май айында берген маалыматында Усама Бен Ладенди мактаган. 2012-жылы июнь айында «Ислам мамлекети» курула турганын видео кайрылуу аркылуу айткан. 2013-жылы апрель айынан баштап видео кайрылууларды тынбай жарыялап баштаган.
Түрки-аль-Биналынын жазганына карганда, АКШ Иракты басып алганга чейин Багдади Багдат университетте ислам маданияты, тарыхы, шарият таануу боюнча докторлук жактаган. Багдади 2003-жылы Иракта басып алгандан кийин жакындары менен Багдатта, Саммарада, Диялада «сунни эл армиясын» курган.
2016-жылдын жаз айларынан баштап, ИШИМ ээлеген аймактарды АКШ баштаган 60 өлкөдөн турган коалиция күчтөрү, Ирак өкмөттүк армиясы, Сирия өкмөттүк армиясы, Сирия оппозициясы, Күрт кошуундары, Түркия, Орусия тарабынан бошотула баштаган.