Жашы жете электердин эмгеги курч көйгөйлөдүн бири бойдон калууда.

Статистика комитети менен бүткүл дүйнөлүк эмгек уюмунун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык эмгектенген балдардын 96,2% айыл жергесинде, ал эми 1,2 % шаарда курулуш, кайра иштетүү дүң жаан чекене соода тармактарына тиешелүү.

Балдар эмгегинин эң чоң көрсөткүчү Нарын облусуна тиешелүү (39,5%), Жалал-Абадда 37,3 %, Ош 36,2 %.

Бишкек шаарында салыштырмалуу бул көрсөткүчтөр абдан эле азыраак (6%). Изилдөөлөргө таянсак, оор жана ден соолукка коркунучу бар жумуштарда иштеген балдар 2014-жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.

Уурдалган балалык

Коомчулукта кызуу талкууга алынган Айчүрөктүн тагдыры аркылуу көйгөйдүн канчалык деңгээлде чечилбей турганы байкалат. Базар аралап баратып тачка түрткөн баланы же куту чогулткан кызды көрүү таң калычтуу эмес.

Ал эми элет жеринде балдар 40 градус ысыкта пахта терип, же жээк аралай ысык токоч сатып эле балалыгын өткөрүп жатат.

Эмгек менен тарбиялоо жана мажбурлап иштетүүнүн айырмасы бар

Кара-Ой айылынын Касымалы Бектенов атындагы орто мектебинин социалдык мугалими Гүлбарчын Жапарованын айтымында, ар бир айылда мектепке келбеген балдар бар.

«Алар мал багат, ата-энесине жардам берет. Мектепке келүүгө убактысы жок. Биз алар менен иштешебиз. Ата-энесине барабыз» , — дейт.

Психолог Ширин Асанакунова болсо өспүрүмдөрдүн ата-энесине жардам берүүсү аларды эмгекти сүйүүгө үйрөтө турганын айтты.

«Ал эми толук кандуу жумуш баланын психикасына залалын тийгизип, физикалык өнүгүүсүн кечеңдетет», — деди ал.

10 жаштагы Сайкал ата-энесине жайында жардам берип иштейт.

«Көл жээкте кебез сатам, ысыкта кечке басып жүрүп чарчайм. Бирок апама жардам бериш керек. Апам балык сатат. Көлгө деле түшөбүз. Мага оор деле эмес», — дейт Сайкал.

Кечээ балдар эмгегине каршы эл аралык күн белгиленди.