Samsung, Google жана Microsoft сыяктуу дөө-шаалардын ойлонуп чыгарылган гаджеттери акыркы кезде кудум эле келечек жөнүндөгү фантастика тасмаларын элестететчү болду.
Акыркы алынган маалыматтарга караганда Google’дан кийин эле Samsung компаниясы «акылдуу линзаларды» чыгарууну баштаптыр. Америкалык аналогундай болуп, кандагы канттын өлчөмүн жана кан басымды текшербегени менен анын ичине камера коюлган. Көз ирмөө аркылуу линза менен сүрөткө тартса болот.
Сыртынан алып караганда бул линзалар кадимки эле көрүнүштө болуп, жөнөкөй линзалардан эч айырмасы жок болот. Азырынча бул жаны гаджеттин баасы белгисиз.