“Оңой эле экен. Үркүтүп алганым эле болбосо бээ сааган жакты”, — деп алгач өзүнө ишене албай, бээге араң жологон Жылдызай чаканын түбүн толтургандан кийин таасирленип айтып берип жатты. Ананчы, эрезеге шаарда жетип, жумуш орду компьютердин алдында өтүп жаткан кыз үчүн бул кадимкидей экзотикалык тажрыйба болду.
Жылдызай дагы жыйырма чакты адам менен Нарын, Ысык-Көл жана Кеминди кыдырып жүрөт. “Көчмөн” коомдук фонду шаардыктар үчүн элеттин турмушун көргөзүүнү максат кылып, “Мурас” долбоорун өткөрүп жаткан чагы. Өз ара Эмануил Кантты сөз кылып көнгөн орусчалыш юрист, офис менежер жана журналисттер тоо этегинде жиликтерди өздөштүрүп, кыргыздын үрп-адаттарын четинен үйрөнүп жүрүшөт.
Фонддун төрагасы Улан Үсөйүндүн айтымында, 10 күндүк турдун жүрүшүндө катышуучулар кой союудан тартып, салттуу дарылоо ыкмаларына чейин көрүп келишет. Мындан тышкары, кыргызча сүйлөө жөндөмүн да арттыра алышат.