Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында түзүлгөн жаңы орган 1-апрелден 31-майга чейин “102ге” түшкөн 6 736 чакырууга барып, 543 кылмыштын бетин ачты. Эки айда патрулдук милиция коомдук тартипти бузган 4 896 кишини кармады.
Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн патрулдар 56 миң 947 протокол түздү. Алардын ичинен:
- Мас абалында айдоо – 966 факт
- Маңдайкы терезесин караңгылатып алуу – 586 факт
- Жол белгилерине баш ийбөө – 8 171 факт
- Күбөлүксүз жана башка тийиштүү документтерсиз айдоо – 1 924 факт
- Жолдогу бейбаштык – 39 факт
- Башка эреже бузуулар – 45 261 факт
Эки айдын ичинде токтотмого 3500 унаа жеткирилди. Патрулдук милиция башкармалыгы билдиргендей, жол кырсыктарынын саны кыскара баштады. Бул убакта 601 кырсык катталып, 76 адам каза болду. Андан тышкары, 853 адам түрдүү жаракаттарды алды.