Интернетте эки мас бала коопсуздук комитетинде иштейбиз деп ИИМ кызматкерлерине баш ийбеген видео жарыяланган. УКМК текшерип чыгып, алар комитетте иштебегенин билдирди.

Балдар кармалып, милиция аларга карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

УКМК маалымдагандай, алар – 1994-жылы туулган Бахтияр Байимбаев жана 1995-жылкы Абубакир Урказиев.

Баимбаев Бахтияр. Сүрөт: УКМК
Баимбаев Бахтияр. Сүрөт: УКМК
Урказиев Абубакир. Сүрөт: УКМК
Урказиев Абубакир. Сүрөт: УКМК