Бүгүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев биринчи маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анын айтымында, алардын биринчи багыты — экстремизмди жана террозимди алдын алуу.

“Ал эми экинчи багытыбыз — реформануу жүргүзүүнү улантуу, үчүнчүсү — милициянын кесипкөй жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, төртүнчүсү болсо, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу, бешинчиси — элдин ишенимине кирүү”, — дейт министр.

Кашкар Жунушалиев министрликке жетекчи болуп 2-июнда дайындалган.