Анын айтымында, жакын арада патрулдук милиция бүт өлкөдө ишке кирет.

“Бирок бул кызмат эл менен түздөн-түз иштегендиктен, кызматкерлер конкурстук негизде кабыл алынат. Кызмат тууралуу терс жактарын дагы айткандар бар. Бул багытты мындан ары өнүктүрүп, жакшы жыйынтыктарды беребиз. 1-июлдан тарта Кыргызстандын бардык аймактарында патрулдук милиция ишке киргизилет”, — дейт министр.

Ал арада патрулдук милиция 2 айдын ичинде аткарган иштери боюнча маалымат берди.