Абанын курамына Ысык-Көлдүн (55%), Чүйдүн (25%), тоонун (13%) жана Бишкектин (7%) абасы кирет.

“Кыргызстандын абасы” деп аталган өнүм тамаша катары сатыкка эки жума мурун чыга баштаган. Андан бери сатып алуучуларын да табууга жетишти. Баарынан да туристтер кызыгуу артышат.

“Алгач адамдар ишенип, курамын окуп башташат. Банканы толугу менен окуп чыккандан кийин гана тамаша экенин түшүнүшөт. Бул долбоорду биз 2 жыл мурун баштап, бир жыл бою патенттен өткөрүп жаттык. Бул идеяны биз ойлоп тапкан жокпуз, ал 30 жыл мурун Францияда пайда болгон. Ичинде кадимки эле аба бар”, — деп долбоорду иштеп чыккан Максим Боровик K-News’ка айтып берди.

Аба сатыкка чыкты