Түркия президенти орусиялык кесиптешин Орусия күнү менен куттуктап, эки өлкөнүн мамилеси “татыктуу деңгээлге” чыгышын каалады.
“Урматтуу президент мырза! Жалпы түрк элинин атынан бардык орусиялыктарды Орусия күнү менен куттуктайм! Келечекте Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамиле татыктуу деңгээлге чыгышын каалайм”, — деп катта жазылган.
Ушундай эле катты Түркия премьери Бинали Йылдырым дагы Дмитрий Медведевге жолдоп, жакынкы арада өлкөлөрдүн мамилеси эки элдин кызыкчылыктары үчүн керектүү деңгээлге чыгат деген үмүтүн билдирди.