Министрдин айтымында, көчөдө турган тилемчилердин жана сойкулардын жоопкерчилигин кароо мыйзамда жок.
“Көпчүлүк аларга карата чара көргүлө деп айтат. Биз кантип күрөшүшүбүз керек? Бул милициянын ишиби? Сойкулук боюнча дагы бизге көп суроо беришет. Алар менен иш жүргүзө турган социалдык кызматкерлер кайда? Эмнеге мындай суроону милицияга эле бере берет?”, — деп журналисттердин суроосуна жооп берди.
Ошол эле учурда Бишкек ШИИБ жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов бир жуманын ичинде шаарды сойкулардан тазалай турганын билдирди.