Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун максаты кичи жана орто бизнестерин ишкерлерди насыя менен камсыз кылуу аркылуу колдоо болуп эсептелет.
Бизнес долбоорлорду каржыланышы бир тарабынан экономикага да жакшы таасирин берет. Бүгүнкү күнгө чейин фонд Орусия тарап бөлгөн 500 млн доллардын 95 млн долларына 270 долбоорду ишке жүзүнө ашырган.
Анын 6 млн 676 миң доллары агро өндүрүшкө насыяга берилген. 2 млн – туризм, 17 млн – кайра иштетип чыгууга, 2 млн – курулушка, 12 млн 404 миң – транспорт тармагына, 3 млн 200 миң – маалымат жана байланышка, 1 млн 448 миң – тоо-кен өндүрүшүнө жана кичи, орто бизнестерге 17 млн 400 миң АКШ доллары берилген.
Коммерциялык банктар тарабынан да каражат алынган. РСК банкка 68 долбоорго 866,1 млн сом, Айыл бакка 150 долбоорго 835,7 млн сом жана KICB’ге 30 долбоорго 189,3 млн сом насыя берилди.