Жыл башынан бери социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 20%га көбөйдү. 5 ай ичинде түрдүү жардам сурап 1 136 жаран кайрылган.

Министрлик билдиргендей, кайрылгандардын көпчүлүгү гуманитардык, материалдык жардам сурагандар. Ал эми гендердик теңчилик маселеси боюнча кайрылгандардын саны аз.

Аларды министр, анын орун басарлары кабыл алууда.