Европа чемпионатында бул тайпанын өз лидерлери бар болчу. Күйөрмандар ишеним менен командаларына жан тартып турган. Бирок оюн баары ойлогондой болгон жок.

Матч Сент-Этьен шаарындагы “Жеффруа-Гишар” стадионунда болду.

Оюн башталаарына 2 саат калганда стадиондон көрүүчүлөрдү чыгаруу башталды. Бирок бул чуу негизсиз экени такталды.

F-тайпасынын лидери катары курамында Криштиану Роналду бар Португалиядан баары мыкты оюн күткөн.

Португалиянын жарым коргоочусу Луиш Нани 31-чи мүнөттө гол киргизип, эсепти ачып берди.

сүрөт;UEFA

Португалия. Нани
Нанинин эмоциялары

ПортугалияНани1

Бирок Исландия эсепти теңей алды.

сүрөт;UEFA

Биркир Бьярнасон 50-чү мүнөттө дарбазага гол киргизди.

Португалия5

Исландия Португалия менен Роналдуну токтотту окшойт. Португалия- Исландия 1:1

Португалия7

Австрия-Венгрия эң эле көп жолуккан каршылаштардын бири. Эгер буга чейин Австрия-Венгрия бир өлкө болгонун эске алсак, анда мелдештин кызыгы мындан да артат.

Австрияны чемпионаттын фаворити катары эсептебесек да , биринчи эле секунддарда каршылашынын дарбазасына жакындап, гол киргизиши керек эле.

Бирок коргонууда жана чабуулда Венгрия бул мелдеште бир топ алдыда турду.

Экинчи таймда дароо эки гол. Евро-2016нын биринчи сенсациясы. Бул болгону Венгриянын экинчи жеңиши. Биринчиси 1964-жылы жарым кылым мурун болгон. Венгрия-Австрия 2:0

Австрия-Венгрия

Австрия-Венгрия2

Австрия-Венгрия6
Австрия, капаланба

Австрия-Венгрия5Венгрия ким кожоюн экенин көрсөттү окшойт.