14-июндан 15ине караган түнү жылуулук энергия борборунда катуу үн чыгып, жашоочулар «жарылуу болду» деген себеп менен тынчсыздануулар болду.

Saat.kg’ге ЖЭБден билдиргендей, эч кандай кырсык катталган эмес. Болгону технологиялык буу чыгаруу болгон.

«Жумуш процесси десек болот. Дүрбөлөң салуунун кереги жок», — деп айтып беришти.