Депутат Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”) өкмөткө кайрылып, бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө чакырды.

Депутаттын айтымында, эки күн мурун транспорт жана байланыш министрлигинде Бишкек-Кара-Балта жолун курууга тендер өткөрүлдү.

“Мага түшкөн маалымат боюнча, эң көбү $70 млн сунушташкан, азы — $54 млн. Бирок эң кымбат бааны айткан кытай компаниясы жеңип кетти. Ал эми $55-60 млн сунуштаган түрк компаниялары өтпөй калды. Мага айтып беришкендей, баарынын документтери стандартка жооп бергидей бирдей болчу”, — деди Жумабеков.

Ал премьер-министрге кайрылып, бул учурду көзөмөлгө алууну суранды.