Аталган тарап КРдин Социалдык жактан коргоо министрлигине жана Фермерлер ассоциациясына 170 миң долларлык 1000 даана эркек жана аял кийим-кечесин өткөрүп беришти.

Бул демилге жардам менен гана чектелбестен, эки өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташуусу менен уланат. Түштүк Корея КРге тикмечилик фабрикасын курууга 3 млн доллар акча каражатын бөлүп, инвестициялоону пландоодо.

Көрсөтүлүп жаткан жардам “Био-Агро” ишканасынын директору Лим Хюн Квангдын демилгеси менен ишке ашырылган. Түштүк Кореяда тигилген кийим- кечелерди тартуулоо кийинки жылы да уланат.