Кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Бөкөнбаев-Лев Толстой көчөлөрүндөгү көпүрөнүн астын суу каптап калган эле. “Тазалык” кызматкерлери түтүктөрдү таштандылардан тазалагандан кийин суу жок болду.

Ошондой эле, социалдык тармактарда Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө жаңы түшүрүлгөн жол белгилери агып баштаганын чыгарышкан. Мэрия билдиргендей, белгилер бир ай мурун муздак пластик менен чийилип, жаандан агышы мүмкүн эмес. Болгону, машинелер өткөн сайын көбүк пайда болгон.