“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов жума намазга карата түшкү тыныгууну узартуу демилгеси боюнча кайрылуу жасады.
“Ыйык орозо айында адамдардын эки жээк болуп араздашуусун, кайымайтышууларын туура эмес көрүнүш деп эсептейм. Жума намазга карата түшкү тыныгууну узартуу мыйзам долбоорун ЖКнын кароосуна Рамазан айынан кийин киргизүүнү туура көрдүм. Мыйзам долбоору боюнча жакшы же жаман пикирлерди билдирүүнүн азырынча зарылдыгы жок. Мыйзамга жарандардын муктаждыктарына жараша 120 эл өкүлү өз пикирин эске алып, добушун берет”, — дейт эл өкүлү.