Анын кайрылуусун небереси Бен көрүп калып, скриншотун Twitter’ге чыгарып койгон. Интернет колдонуучуларына пенсионер айымдын сылыктыгы айбай жагып, кыска убакытта 17 миң ретвитке жана 25 миң лайкка жетти.

Пенсионерка Google’га мындай суроо жазган: “Сураныч, бул рим сандарын которуп берип койосуздарбы: MCMXCVIII. Ырахмат”.

Google болсо анын кайрылуусуна ушундай эле сылык жооп кайтарган: “Кымбаттуу, Бендин чоң энеси. Сизде баары жакшы деп ишенебиз. Миллиарддаган сурамдардын арасынан бир гана сиз бизди жылмайта алдыңыз. Айтмакчы, бул 1998 деген сан. Сизге ырахмат”, — деп жазылган.

Соцтармактарда пенсионер айымды британиялык сылыктыктын үлгүсү деп атап коюшту.

Булак: tengrinews.kz