Жаңы паспортто жарандын жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жана улуту жазылбайт. Бул маалымат электрондук форматка өткөрүлүп, паспорттун ичине коюла турган чипте камтылат.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, картанын бетине жарандын аты-жөнү жана жарандыгы кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылат. Ошондой эле, туулган жери жана күнү, документти берген орган, паспорттун жарактуу мөөнөтү, жарандын ПИН коду, электрондук картанын сериясы жана штрих код жазылат. Калган маалымат чипте камтылат.

Мекеменин пландарына ылайык, келечекте Кыргызстан электрондук өкмөткө өтөт.

“Электрондук биометрикалык ID карталарга өткөндөн кийин долбоордун экинчи этабы башталат – жарандарга мамлекеттик кызматтар ошол карталардын негизинде көрсөтүлө баштайт. Биометрикалык паспортторду Казакстан, Орусия, АКШ, Израиль, Түркмөнстан, Өзбекстан, Латвия, Молдова, Пакистан, Польша, Финляндия, Эстония жана өлкөлөр колдонот”, — деп билдирүүдө айтылат.