Өкмөт өзүнө таандык болгон компаниянын бардык 100% акцияларын сатууну көздөп жаткан. Баштапкы баасы 18-19 млрд сомду түзгөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдиргендей, 16-июнга дайындалган аукционго катышуу үчүн бир дагы билдирме түшкөн жок. Мыйзамдарга ылайык, аукционго экиден кем катышуучу катталган учурда ал өтпөй калды деп таанылат.

Megacom бренди менен таанылган “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун 100% мамлекетке таандык. Алгачкы аукцион 2016-жылдын 10-майына дайындалган эле. Бирок, катышуучулардын жоктугунан конкурсту 16-июнга чейин узартуу чечими кабыл алынган.