Эки киши оор жаракат алып, үчүнчүсүнүн мурду сынды. Полиция 6 фанатты кармады, дагы бирөөсү качып кетти.

Окуя кечээ, 16-июнда болду. Жети орусиялык футбол күйөрманы Франциядан үйүнө кайтып баратып, Германиянын Кёльн шаарында туристтерге кол салды. Немис басылмаларына полиция айтып бергендей, фанаттар Маскөөгө учуп чыгуу үчүн аэропортко бара жатышкан.

Кошумчалай кетчү нерсе, кечээ үч орус фанаты Францияда эркиндигинен ажырады. Алар француз полициясы 14-июнда кармаган 43 адамдын арасында бар эле. Фанаттар Англия-Орусия матчынан кийинки бейбаштыкка тиешеси бар деп айыпталды.