Узундугу 2,5 м жана туурасы 1,25 метрди түзгөн сүрөттүн баштапкы баасы — 88 миң сом. Автору Азамат Жаналиев муну быйыл Чыңгыз Айтматов 88ге чыкмак деп байланыштырганын айтат.

String Art техникасы менен сүрөт тарткан Жаналиев тактайга атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн түшүрүп, интернет колдонуучуларынын көңүлүнө абдан жакканын байкаса болот.

Сүрөт: Азамат Жаналиевдин Facebook баракчасынан
Сүрөт: Азамат Жаналиевдин Facebook баракчасынан

Мык менен ийне жиптен Айтматовдун эң чоң портретин жасап чыгууга 10 күн кеткен. Аукциондон түшкөн каражатын Азамат өзү жетектеп жүргөн Uluu Kyrgyz IZI долбоорун ишке ашырууга жана жаңы тарыхый издерди жасоого жумшай турганын айтат.

Аукцион 26-июнда өтөт. Катышууну каалагандар Азамат Жаналиев менен түз байланышса болот – 0554 200 771.

Сүрөт: Азамат Жаналиевдин Facebook баракчасынан
Сүрөт: Азамат Жаналиевдин Facebook баракчасынан