БУУнун эсеби боюнча, дүйнө жүзүндө өз өлкөсүнөн тышкары эмгектенген 120-200 млн мигрант бар. Алардын 48%ын аялдар түзөт.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй бүлөдө (26%) бирден мигрант бар. Региондор боюнча алып караганда жарандар жакыр аймактардан көбүрөөк кетет. Баткен облусу биринчи орунда турат. 35% үй-бүлөдө жок дегенде бир мигрант бар. Жалал-Абад – 27%, Ош – 22%, Талас менен Ысык-Көл – 4%, Нарын, Чүй облустары менен Бишкек шаарында – 1,5%ды түзөт.

Кыргызстандан эгемендүүлүктү алгандан кийин 540 миң адам чет өлкөлөргө биротоло көчүп кеткен. 700 миң жаран мигрант катары жүрөт. 2015-жылы Орусияда 520 миң, Казакстанда 80 миң, Түштүк Корея менен Түркияда 14 миң, Европа, АКШ, Азияда 30 миңдей мигрант болгон.

2016-жылдын алгачкы айларында кыргыз мигранттарынын саны 540 миңге, Казакстанда 113 миңге жеткен. Биринчи өлкөдө 20 миңге, экинчисинде 28 миңге көбөйгөн.

Мигранттардын арасында жаштардын саны 47% түзөт (18-29 жаш арасы). Орусиядагы мигранттардын ичинен 18% жашы жете электер.

2015-жылы Орусиядан 504 миң жарандын ичинен 194 миңи миграциялык эрежелерди бузуунун натыйжасында кайра өлкөгө кайткан. Жол жоболорду бузгандар, мыйзам чегиндеги укугун коргой албагандар мындай көйгөйлөргө көп тушугат. Алардын 76 миңине кайра барууга жол ачылган.

2014-жылдагы эсеп боюнча жалпы мигранттардан 2,2 млрд доллар акча которулган. Ал КРдин ички дүң өнүмүнүн 30%ын түзгөн.

ЕАЭБге киргенден кийин кыргыз жарандарынын абалы жакшырган. Ага биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдө эмгектенүүдө (мисалы, Орусияда) мамлекеттик тилге болгон тест жана иштегөөгө болгон уруксат документтери жоюлган.

Ондогон жылдардан бери мигранттар туш болуп келе жаткан көйгөйлөрдүн бири иш берүүчүнүн иштетип алып эмгек акысын бербей алдап кетүүсү болуп эсептелинет.

2015-жылы Кыргызстанга 3,6 миң адам келип, 7,8 миң адам анын территориясынан көчүп кеткен. Эмиграциянын саны кыскарган.

Маалымат булагы: Улуттук статистикалык комитети, өкмөткө караштуу миграция боюнча мамлекеттик кызматы жана G Global сайты.