Жогорку Кеңештин депутаттары “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Долбоор чет элдик ЖМКларды чектөөгө багытталган. Мындай өзгөрүүнү айрымдар сөз эркиндигине кысым көрсөтүү деп баалоодо.

Кандай өзгөрүүлөр болот?

Чет элдик жарандар ээлик кылган ЖМКны каржылоонун үлүшү 20%дан ашпашы керек. Жарандыгы жок адамдар түз же кыйыр түрдө ЖМКнын менчик ээси болгон юридикалык жактын үлүшүнүн 20 пайызынан ашыгына ээлик кылууга, пайдаланууга, тескөөгө жана башкарууга тыюу салынат. Тактап айтканда, ЖМКга Кыргызстандын жараны гана ээлик кыла алат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери

КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов жана “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Жыргалбек ТурускуловТаабалды Тиллаев.

Максаты

Демилгечилердин айтымында, чет элдик жаран ЖМКны 100 пайыз каржылай турган болсо, алар мамлекеттик коопсуздукту, саясий абалды өз кызыкчылыгына пайдаланышы мүмкүн. Депутаттар дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде мыйзам долбоорду сунуштап жатканын айтты. Айрымдар муну Орусиянын мыйзамдарынын көчүрмөсү деп сындашууда.

Чет өлкөдөн каржыланган ЖМК

Азаттык үналгысыАКШнын конгресси тарабынан, Би-Би-Си кыргыз кызматы — Улуу Британия жактан каржыланат. “Спутник”, «Мир» телеканалы, “Комсомольская правда”, “МК Азия”, “Аргументы и факты Кыргызстан”, “Российская газета”, “Комсомольская правда в Кыргызстане” гезиттери – Орусия тараптан. Ал эми НБТ телеканалын казакстандыктар каржылайт.

Көпчүлүк “Азаттыкты” жабат деп кооптонушууда

Акаев, Бакиев бийлик убагында “Азаттык” аларды сындаган материалдарды чыгарып келген. Азыркы бийликтин келишине дагы бул үналгынын түздөн-түз тиешеси бар дегендер да жок эмес. Кечээ укук коргоочулар “Азаттыкка азаттык” деген акциясын уюштуруп, бул мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Митингге чыккан укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, азыркы бийлик мурдагылардын катасын кайталап жатат.

Ошондой эле “Азаттыктын” үнүн өчүрүүгө аракет жасап жаткандары кооптондуруп жатканын айтууда. Активисттер гана эмес кээ бир ЖК депутаттары дагы бул мыйзамды колдобой турганын билдирди. Мисалы, КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков ЖМКнын каржысын чектөө сөз эркиндигин чектегенге барабар экенин билдирди. Бирок ошол эле учурда кээ бир социалдык тармактардын колдонуучулары “Азаттык” мурункудай калыс болбой калганын дагы айтып жүрүшөт. Бүгүн болсо журналистика тармагындагы кызматкерлер жана юристтер жолугуп, бул мыйзам долбоору тууралуу талкуулашат.

Мыйзам долбоору эки жолу күн тартибинен алынды

Кечээ бул маселе боюнча ЖК жыйынында күн тартибине коюлган. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоорду “чала болуп жатат” деп күн тартибинен алып салды. Бүгүн болсо “Республика Ата-Журт” фракциясынын жыйынында талкууга алынмак, Рыспаев жыйынга келбей койду.

Демилге колдоо тапса…

100%  үлүшү чет өлкөлүктөрдө болгон ЖМК кайрадан каттоодон өтүп, ээликтен ажыратылат. Ал эми бир жыл аралыгында каттоодон өтпөгөн ЖМК жоюлат.