Негизинен, ветеринардык чек араларды ачууга өлкөдөгү көрүлгөн даярдыктар боюнча инспекция жүргүзүлөт.

Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) эксперттери өлкөгө 11-июлда келишет. Буга байланыштуу ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов Талас облусунда иш сапары менен болду. Ал акыркы жылдын ичиндеги реформалар жер-жерлерде кандай ишке ашып жаткандыгы менен таанышты.

Мындан сырткары, кайра иштетүүчү ишканаларда, чек ара ветеринардык көзөмөл постторунда болуп, ЕАЭБдин талаптарына карата даярдыктарды текшерип чыкты. Кыргызстандагы ветеринардык кызматты эл аралык деңгээлге алып чыгуу максатында бир катар жаңыча багыттагы реформалар талап кылынат. Ветеринардык кызматы билдиргендей, ошондой реформалардын бир тобу быйыл ишке ашып жатат.

“Алсак, жеке ветеринарларга расмий ветеринар статусун берүү. Бул ветеринардык кызматтын гана эмес, кесиптин да кадырын көтөрүүгө өбөлгө болот”, — деп веткызмат билдирди.