Ымыркайды таап алышканда анын киндиги дагы кесиле элек болчу. Кыздын туугандары анын боюнда бар экенин билишчү эмес.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, 14-июнда саат 22лер чамасында Кара-Суу районунда талаада наристе табылганы боюнча маалымат түшкөн. Милиционерлер дарыгерлер менен бирге барып, баланы текшергенде ал жаңы эле төрөлгөнү аныкталат. Кыздын киндиги дагы кесиле элек болчу. Аны талаада мал кайтарып жүргөн молдо таап алган.
Милиция дароо кыздын энесин издей баштайт. Эртеси Кара-Суу РИИБ кызматкерлери Ош шаарында жашы жете элек кызды кармашып, бөлүмгө жеткиришти. Бардык керектелген экспертизалар дайындалып, окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.
Кыздын туугандары айтып бергендей, ал 9-класстан кийин окууну таштап салган. Боюнда бар экенин алар билишкен эмес. Учурда кыз баласы менен ооруканада.