Коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Ерлан Идрисов калк менен жолугуп жатып, “кыргыз-казак буга чейин бир тууган болуп келгенбиз, бир тууган болуп кала беребиз” деп айтты.
“Бул маселе чечилип бүттү. Адамдар ар кандай блог жазгандарын өздөрүнө коёбуз. Бирок расмий деңгээлде маселе чечилди деп эсептейбиз. Мен Кыргызстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүп, абалды түшүндүрүп бердим. Биздин министрдин сөзүн туура эмес түшүнүп алгандыктан, адамдар эмоциялык билдирүүлөрдү жасап жатышты. Бул жерде Казакстан менен Кыргызстандын мамилеси бузулат деген кеп жок. Буга чейин кандай бир тууган болсок, бир тууган бойдон кала беребиз”, — деди Идрисов.
Май айында Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедулы Кыргызстандын абалы боюнча сүйлөп жатып, кыргыз аялдары чет өлкөлөрдө пол жууп иштеп жатканына кейиген. Соцтармактарда анын сөзүн эки ача кабыл алышып, жектегендер көпчүлүк кылган. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги наарызылык нотасын дагы жиберген эле. Ал эми дүйнө коомчулугу кыргыз-казак чырын шылдыңга алган.