Телефонго тартылган фотолорду белгилүү сүрөтчүлөрдүн стилине окшоштуруп берген бул программа 11-июнда эле чыккан. 9 күндүн ичинде Prisma’ны 650 миң киши жүктөп алды. Бүгүн 1 миллионго жетээри айтылууда. Бул өз убагында Instagram’га караганда дагы тезирээк популярдуу болуп жатат деген кеп.
“Яндекс” менен Mail.ru’дан чыккан кызматкерлер иштеп чыккан Prisma азырынча бир гана iOS колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Авторлору Play Market’ке июлдун башында кошулат деп убада беришүүдө.
Чыккандан бери колдонмо Кыргызстанда, Орусияда, Белоруста, Молдавия, Эстония, Латвия, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Арменияда эң популярдуу колдонмо болуп жатат. 11-июнда чыгаары менен төрт күндөн кийин Орусияда App Store’дун топ колдонмолоруна кирди.
Prisma’нын өзгөчөлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча бул шилтемеден көрүп, окуңуз