Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЖК жыйынында өкмөттүн түзүмдүк өзгөртүүлөрүн сунуштайт.
— Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;
— Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;
— Мамлекеттик байланыш агенттиги жана электрондук башкаруу борборунун базасында мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;
— Экономика министрлигин, транспорт жана коммуникациялар министрлигин, мамлекеттик каттоо кызматын, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;
— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын функцияларын жер казнасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.
Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.