Турак-жай кооперативдер «Демир банк» тарабынан тоскоолдуктарга кабылып жатат.
Кооперативдер коалициясынын төрагасы Нурлан Асанов маалымат жыйында белгилегендей, банк алар менен иштешүүдөн баш тарткандан сырткары, башка банктарга кооперативди каралаган каттарды жөнөтүп жиберген.
Каралап, иштешүүнү каалабагандыгынын бирден-бир себебин, түркиялык курулуш компанияларынын буйрутмасы деп эсептейт.
“Анткени, турак – жай курулуш кооперативдери инвестор тартуу максатында кытай компаниясына кайрылышкан. Ал эми Кытай ишканалары түркиялыктар үчүн чоң конкурент болушу мүмкүн. Ошондуктан алар өздөрүнүн ойлоп жатышат. “Демирбанк” Кыргызстанга конок болгондон кийин, ошого жараша бизди сыйлашы керек эле. Бул кылыгы аша чаап кетип жатат”, – дейт төрага.
Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2014-жылы “Жеткиликтүү турак жай” программасы иштелип чыккан.
Турак-жай курулуш кооперативдери түзүлүп, иш алып барып башташкан. 2016-жылы 10 кооператив юридикалык жактан каттоодон өтүп, азыркы мезгилде 8000 ашуун мучөсү бар.