Эми чек ара маселелерин тескей турган өзүнчө вице-премьер-министрлик кызмат орду түзүлөт.

Бүгүн парламентте өкмөттүн түзүмүнүн өзгөртүү маселеси каралды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төмөнкү сунуштарды киргизди:

  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин базасында өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетин түзүү
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлигине азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү үчүн кошумча функцияларды ыйгаруу
  • Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана электрондук башкаруу борборунун базасында маалыматтык технологиялар мамкомитетин түзүү
  • Экономика, транспорт министрликтеринин, мамкаттоо кызматынын, геология жана минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын кыскартуу
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекцияга кендерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияларды кошуп берүү.