Европа чемпионаты бүйүр кызыткан учуруна да келип жетти. Тайпалык беттешүүлөр бүтүп, 1/8 финалындагы оюндар уланууда.
26-июнь күнү Франция Ирландияга каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңди. Оюн күтүүсүз голдорго бай болду. Алгач эле матчтын 2-мүнөтүндө Ирландия эсепти ачса, Франциянын оюнчусу Антуан Гризманн 3 мүнөттө 2 топту каршылаштарынын дарбазасына киргизгенге жетишти.

Германия-Словакия оюну баары күткөндөй эле немистердин жеңиши менен аяктады. Эсеп 3:0.
Алгачкы жолу Еврого катышып жаткан словактар үчүн 1/8 финалга чыгуу өзү эле ийгилик болду. Алар коргонууга көбүрөөк басым жасап, Германиянын дарбазасына көп жологон жок.
Сүрөт: UEFAАл эми Бельгия Венгриянын таш-талканын чыгарды.
Эсеп — 4:0, Бельгиянын пайдасына. Бул Евро-2016 башталгандан бери эң чоң жеңиш. Венгриялыктар үйүнө жөнөсө, алардын атаандашы ¼ финалга өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

1/8 финалдагы болуп өткөн жана алдыдагы оюндар
| Командалар: | Жыйынтыгы: |
| 25-июнь | |
| Швейцария-Польша | 1:1 |
| Уэльс-Түндүк Ирландия | 1:0 |
| Хорватия-Португалия | 0:1 |
| 26-июнь | |
| Франция-Ирландия | 2:1 |
| Германия-Словакия | 3:0 |
| Венгрия-Бельгия | 0:4 |
Алдыдагы матчтар:
| 27-июнь | |
| Командалар: | Убакыты: |
| Италия-Испания | 22:00 |
| Англия-Исландия | 01:00 |






























