Шотландиянын бийлиги Европа Биримдигинде калуу үчүн бардык чараларды көрөт. Маселен, ЕБден чыгууга Шотландия парламенти вето киргизип коё алат. Бул тууралуу BBC’ге Шотландия иштери боюнча биринчи министр Никола Стерджон айтып берди.
Анын айтымында, Улуу Британияны ЕБден чыгаруу аракетинин кесепети чоң болот. “Мен Шотландияны мындайдан коргогум келет жана коргоого аракет кылам”, — деди министр.
Стерджон белгилегендей, Шотландия парламенти Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна тыюу салып коё алат. Аймактын мыйзамдары буга жол берет.
Ошондой эле, министр Шотландия көз карандысыздык боюнча жаңы референдум өткөрүшү мүмкүн деп айтты. Акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, Brexit’тен кийин шотландиялыктардын 59% Улуу Британиядан бөлүнүүнү каалайт.
Британиянын ЕБде калуусу же чыгуусу боюнча референдумда калктын 51,9% чыгабыз деп добуш берген. Шотландияны өзүнчө алганда, 62% Евробиримдикте калууну колдоду.