Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан эл аралык «Жайкы Давос-2016» экономикалык форумдун ачылышына катышууда.

Форум 90 мамлекеттин катышуусунда өтүп жатат.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, форум дүйнөлүк экономиканы талкуулай турган чоң аянтча.

“Бул форумда  Улуу Жибек жолу экономикалык алкагын жакшыртуу иш-чаралары тууралуу сөз болот”, — дейт министр.

Расмий делегациянын катарында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана башкалар бар.