Экотехинспекция Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунда пландан тышкары текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында, 264 куб метр көлөмдөгү 141 даана тянь-шань карагайы кыйылып, каттоосуз жүктөлүп кеткени ачыкка чыкты.
Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун №3 токой бөлүмчөсүнөн 128 даана (247 куб м) тянь-шань карагайы мыйзамсыз кыйылган. Мамлекетке 1 млн 366 миң 139 сом зыян келтирилген.
Ошондой эле, №2 токой бөлүмчөсүнөн 13 даана (18 куб м) карагай кыйылып, мамлекетке 44 миң 837 сом зыян келтирилгени аныкталды.
Жалпы Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун №2, №3 токой бөлүмдөрүн текшерүүдө жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 млн 410 миң 976 сомду түзгөн. Анын ичинен №2 токой бөлүмчөсүнүн токойчусу К. Керимкулов тарабынан 33 миң сом зыян мамлекеттин эсебине төлөнүп, 1 млн 377 миң 976 сом зыян азыркы күндө мамлекеттин эсебине өндүрүлө элек.
Мамлекетке келтирилген зыян боюнча доо арыз 14-июлда Ыссык-Көл облусунун райондор аралык сотунда каралат.