Мыйзам долбоорунда айтылгандай, демилгени көтөрүүгө мандатын тапшырган аялдардын ордуна эркек кишилер келип жатканы себеп болду.

Учурда иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, мандатын тапшырган депутаттын ордуна партиянын тизмесинде турган кийинки адам келет. Жынысы боюнча эч кандай талап жок.

Депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Наталья Никитенко бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, кайсы жыныстагы депутат мандатын тапшырса, ошол жыныстагы талапкер ордуна келсин деп сунушташууда. Алардын айтымында, сунуш кабыл алынса, парламентте бир жыныстын өкүлдөрү 70%дан ашпашы керек деген мыйзам сакталат.

Депутаттардын сунушу коомдук талкууга чыгарылды.

VI чакырылыш иштеп баштагандан бери ар кандай себептерден улам алты айым депутат өз мандатын тапшырды.