Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылынын жашоочусу, Saat.kg’нин окурманы Алымбек Каныбек уулу Кара-Алма жаңгак токойу тууралуу бизге пикирин билдирүү менен сүрөттөрүн жөнөткөн.

Токойдун жалпы аянты 20 миң гектарды түзөт. Мындай көп аянтты ээлеген токойду башкаруу, кароо иштерин жеңилдетиш үчүн эки чарбага бөлгөн. Кара-Алма жана Үрүм-Баш токой чарбасынан турат. Учурда бул эки токой чарба Кара-Алма айылынын ар бир үйүнө үлүш болуп бөлүнгөн.

«Айылдын негизги каражаты жаңгак терип сатуу менен эсептелет. Арсланбап жаңгак токойу тууралуу жакшы билишет да, Кара-Алма токою жөнүндө кыргыз эли көп биле бербейт. Бул жердин да өзүнчө кооздугу бар, ошону менен бирге эле көйгөйлөрү да жок эмес. Мурда токойдо каман, каш кулак, элик жана башка тоо жаныбарлары көп эле, азыр такыр көрбөйсүң. Аларды жергиликтүү эле мергенчилер кырып салышты», — деп айтып берди Алымбек.