Машыгуулар 4-октябрдан 7сине чейин Кыргызстанда, 20636 аскер бөлүгүндө өтөт. Бүгүн аскерий окутууларды даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду башталды.
Сүйлөшүүлөргө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бириккен штабынын өкүлдөрү, машыгууга катыша турган өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн делегациялары катышат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аскер эксперттери машыгуунун болжолдуу идеясын, ар тараптан камсыздоо маселелерин талкуулашып, алдыдагы машыгуу өтө турган жердин аймагы жана инфратүзүмү менен таанышат.
Штабдык сүйлөшүүлөр 30-июнда делегациялардын башчыларынын жыйынтык протоколго кол коюусу менен аяктайт.