Үч айдан бери патрулдук милиция кызматы иштеп жатат. Азыркыга чейин бул кызматтын аткарып жаткан иштери сындалып келет. Чындыгында патрулдук милиция өз максатына жеттиби же мурунку боюнчабы деген суроо туулбай койбойт.

Патрулдук милиция түзүлүп жатканда айтылган максаттар:

  • Коррупцияга бөгөт коюу
  • Жол жана коом коопсуздугун сактоо
  • Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу
  • Тез аранын ичинде кылмыш болуп жаткан жерге барып, тиешелүү укуктук көмөк көрсөтүү

Коррупция жоюла элек

Паракорлук дагы деле бар экенин Бишкек милициясынын жетекчилиги моюнуна алат. ШИИБ башчысынын орун басары Аскат Султаналиевдин айтымында, коррупция 100 пайыз жоюла элек.

“Коррупция менен күрөшүү — биздин эң негизги максатыбыз. Патрулдук милиция мыйзамды бузуп жатат деген кептерди уксак, анализдеп чыгабыз. Чараларды көрүп жатабыз. Эгерде факты менен кармасак, ал милиция тармагынан кетет. Беш кол тең эмес экен да, арабызда ошондой коррупцияга аралашкан начар кызматкерлер бар”, — деди.

Айрымдар патрулдук милиционерлер видеофиксацияны өчүрүп койгонуна күбө болгондорун айтышууда.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүп жатканда, видеофиксациясын толугу менен иштетүү үчүн 90 миллион сом керектеле турганын айткан.

Патрулдук милиция ишке кирген күн. Сүрөт: K-News
Патрулдук милиция ишке кирген күн. Сүрөт: K-News

Жол коопсуздугун сактап жатабы?

Айдоочулар патрулдук милиция артынан кууп жүрүү эрежеси баш-аламандык, кооптуу жагдайды жаратып жатканын айтып келишет. Буга мисал катары кызматтык унаасы жол кырсыгына учураганы. Кайгуул экипаждын жүрүшүндө күнөөлүү адамды кууп баратып, башка унаа менен кагылышкан. Мындай эреже башында алынып кайра киргизилген.

Патрулдук милиция жол тыгыны учурунда, жол чырак иштебей калганда тез аранын ичинде жөнгө салып жатканын Султаналиев кошумчалады.

Патрулдук милиция элдин ишенимине качан кирет?

Аскат Султаналиев билдиргендей, патрулдук милиция учурда жакшы иштерди аткарып, элдин ишенимине кирүүдө. Ошол эле учурда кызмат ишке киришип жатканда Бишкек боюнча патрулдук милициянын командири Эрлан Атантаев мындан ары кызматкерлер даракка жашынышпай турганын билдирген. Ал тургай жоопко да тартыла турганын кошумчалаган. Бирок социалдык тармактарда милиция кызматкери жолдо башка унаа менен эле автоунааларды токтотуп жаткан сүрөттөр көп.

Кылмышка тез чара көрүү

Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары айткандай, мурда милиция кызматкери кылмыш болуп жаткан жерге 1-2 саатка кечигип барса, азыр 10-15 мөөнөттө эле жетип барышат.

“Кылмыштын изи сууй электе ошол жерге барып калышат. Мисалы, патрулдук милиция ишке киргенден бери кылмышкерлер өз убагында кармалып жатат”, — дейт Султаналиев.

Айдоочулар эмне дейт?

Айдоочу Нургүл эки жолу айдоочу күбөлүгүн алдырган. Ал патрулдук милиция түзүлүп, эч кандай реформа болбогонун айтууда. Анын айтымында, патрулдук милиция мурункудай эле бактын артына жашынып, унааларды тосуп жатат.

“Негизи мамлекеттен патрулдук унааларга май бөлүнүп берилет экен. Алар болсо майды коротпой, андан пайда көрүп калалы деп бир ордунан жылбай унааларды тосушууда. Мурда эреже бузгандар үчүн жол кайгуул кызматкерлеринин “ставкасы” 200 сом болсо, азыр болсо патрулдук милициянын курамында үч кызматкер болгондуктан, 300 сомго көтөрүлгөн. Мен жол эрежесин бузуп алганым чындык, бирок мен алар сураган акчаны бербей күбөлүгүмдү тарттырып жибердим. Күбөлүгүмдү мыйзам чегинде алам, айып пул төлөп”, — деди айдоочу.

Айдоочу Азамат патрулдук милициянын ишин бир жылдан кийин сындоо керек экенин айтты.

“Бул кызматтын иштегенине аз гана убакыт болду. Мындай иштейт, тигиндей иштейт деген өзү туура эмес. Көч бара-бара түзөлөт. Ооба, кемичиликтер толтура, бирок аны сындабай, жойгонго аракет кылышыбыз керек”, — деди.

Патрулдук милиция кызматы 1-апрелден тарта Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында иштеп жатат. Жакында республика боюнча ишке кирүүсү күтүлүүдө.

Фондогу сүрөт: azattyk.org